"Манас" университетинен өтө турган жолду ачуу иштери башталды
RU

"Манас" университетинен өтө турган жолду ачуу иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы бүгүн, 11-июнда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кампусунун айланасындагы тосмону бузуу иштерин баштады. Бул окуу жайдын аймагынан өткөн унаа жолду ачуу иштерине карата жасалууда.

Транспорт департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов Kaktus.media сайтына билдиргендей, мэрия жол куруу долбоору боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Миңжылкиев көчөсүнө жол ачуу үчүн "Манас" университетинин тосмосун бузуу эки айга жакын талкууланып, тараптардын баары кабардар болгон.

"Жолдун туурасы 8 метр, ал эми узундугу 1350 метр болот. Долбоордо тротуарларды куруу жана бардык жашыл мейкиндиктерди сактоо каралган", - деди ал.

Демонтаж жүрүп жаткан аймакка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Белгилүү болгондой, жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспекти менен Тыналиев көчөсүн, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Мэрия аталган көчө Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт дейт.

Долбоордо университеттин студенттеринин жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган. Мындан сырткары инженердик коммуникациялар жаңыланып, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат, жол белгилери чийилип, зарыл болгон жол көрсөткүчтөрү коюлат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эркин жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тийиштүү шарттар түзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18002