Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи баскычына старт берилди
Бишкекте таштандыны утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун экинчи этабынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Долбоорго суткасына 2000 тоннага чейин кубаттуулуктагы эко-технологиялык заводдун экинчи блогун жана 60 МВт кубаттуулуктагы заманбап энергетикалык комплексти куруу кирет.
Объект ишке киргенден кийин жылдык электр энергиясын өндүрүү болжол менен 307 миллион кВт/саатты түзөт, бул болжол менен 100 000 үйдү электр энергиясы менен камсыз кылууга жетиштүү болот.
Толук ишке киргенден кийин эко-технологиялык завод күнүнө 3000 тоннага чейин катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, 90 МВтга чейин электр энергиясын өндүрө алат.
Мэриядан белгилешкендей, заводдун экинчи блогунун курулушу шаардын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча заводдун биринчи фазасынын алкагында 1500 тоннадан ашык калдыктар кайра иштетилип жатат.
