Программисттер, стартаперлер, блогерлер 5 жылга салыктан бошотулду
IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллект, тиркеме иштеп чыккандар, блогерлер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, аталган категориялар үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Мамлекеттик Салык кызматы белгилегендей, бул чара Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Жеңилдетилген салык режими ишкерлерге бизнести өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көбүрөөк каражат багыттоого жардам берет деп айтылат дешет мпекемеден.
