Министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңешке келип депутаттарды сүйүндүрдү
RU

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңешке келип депутаттарды сүйүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку кеңешке келип депутаттарды кубандырды.

Бүгүн, 31-майда бюджет жана финансы комитетинин жыйынында 2020-жылдын 7-апрелинде, кол коюлуп, Кыргызстан менен Өнүгүү эл аралык ассоциациясынын КРдеги COVID-19 боюнча экстрендик долбоорду каржылоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралып жаткан.

Комитеттин төрагасы Эмиль Токтошев министрди көргөнүнө кубанычта экенин айтты.

"Сиз мурун Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйындарына катышчу эмессиз. Биздин комитет биринчи окшойт", - деди депутат.

Министрликтин жетекчиси долбоорун жактап жатып Өнүгүү эл аралык ассоциациясы Кыргызстанга 10$ миллион өлчөмүндө грант берип, 10$ миллион өлчөмүндө 0,75%дык ченеми менен кредит берип жатканын маалымдады. Каражат вакцина сатып алууга жумшалат.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков кредит 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил аралык (льготный период) болот, деп кошумчалады. Каражаттын 530$ миңи операциялык кызматтарга жана консультанттардын кеңеш берүүсүнө кетет.

Суроолорго жооп берип жатып Бейшеналиев Өнүгүү эл аралык ассоциациясы бөлүп берген акчага индивидуалдуу коргоо каражаттары, кытайдын Sinopharm вакцинасы, "Спутник V" вакцинасы сатып алынат. "Спутника V" вацинасынын баасы - $10, кытайдын вакцинасы - $16.

Андан тышкары $3 миллионго Россиядан 110 тез жардам кызматы унаалары сатылып алынганын маалымдады.

Каражаттын бир бөлүгү 14 оорукананын оңдоп түзөө иштерине сарпталган", - деп Саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1813