Кыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын атасы жок
RU

Кыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын атасы жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда расмий төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын атасы жок. Бул үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөшүнөн кабар берет. Мындай маалыматты брифингде Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча комиссары Жыпариса Рысбекова билдирди.

"Бизде, 2020-жылы болжол менен 170 миң бала төрөлгөн деген фактылар бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын төрттөн бири, бул 22%ы, расмий никеге турбаган энелердин балдары. Алар никесин катташкан эмес. Фактыга ылайык, ата-эненин биргелешкен арызынын негизинде 51% гана катталган, ал эми 49%ы жалгыз бой энелердин арызынын негизинде катталды. Бул балдар атасыз үй-бүлөдө чоңойот деп айтууга болот. Мындай көрүнүш жаман тенденция. Баардык төрөлгөн балдардын ичинен, дээрлик жарымынын аталары жок" деди ал.

Рысбекованын айтымында, акыркы 5 жылда никени каттоо 10% га азайса, ажырашуулардын саны 19% га көбөйгөн. "Көрсө, балдар толук эмес үй-бүлөдө жашашат экен. Бул дагы жаман тенденция. Ата-энелер мусулманчылыктын каада-салты боюнча нике кыйган фактылар бар, бирок акыркы мезгилде алардын бардыгы никесин ЗАГСка каттатуусу милдеттендирилгени жакшы болду. Бирок, кээ бир 4-5 балалуу энелер бар ал балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө атасынын ордуна сызыкчалар болгон учурлар кездешет, адатта, аялдар эки баланын бирөөсүн күйөөсү жок төрөйт", - деп Рысбекова сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1817