Ысык-Көлдө 2 гидроцикл кагышып кетти
123
Ысык-Көлдө эки гидроцикл кагышты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка караганда, кырсык Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионаты жакта болгон. Видеодон эки гидроцикл жогорку ылдамдыкта бара жатып кагышып кеткенин көрүүгө болот.
Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү окуя боюнча алдын ала тергөө башталганын билдирди. "Учурда окуянын бардык катышуучуларын аныктоо жана окуянын жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө", - дешет милициядан.
Белгилесек, Ысык-Көлдө эл көп жүргөн жерлерде гидроциклдерди колдонууга тыюу салынат.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18188
