Октябрь айында бир топ милиция унаалары жабыркаган. ИИМди жоготууларын бизнес толуктады
RU

Октябрь айында бир топ милиция унаалары жабыркаган. ИИМди жоготууларын бизнес толуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде алты автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Унаанын ачкычын тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жеке ишкер Кайрат Акматов милиция кызматкерлерине кайрылып, "Ушул жылдын 5,6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз",-деп сөз сүйлөдү.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшаарын баса белгиледи.

Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/181