Өмүрбек Бабанов камакка алынды
RU

Өмүрбек Бабанов камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-майда КР экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов коррупцияга шектелип 48 саатка камакка алынды. Өмүрбек Бабанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Ал Кумтөр иши боюнча кармалган.

24-мартта экс-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын экс-президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жана ага байланыштуу коммерциялык структураларга карата прокуратура органдары жана тергөө бөлүмдөрү тарабынан мурда козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынгандыгы такталган. Бабановдун жана анын туугандарынын аракеттери мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирүү фактыларынын жоктугуна байланыштуу, сот өндүрүшү токтогон жана Бабанов менен мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомду өз ыктыяры менен которуу боюнча келишим түзүлгөн эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1821