Бишкек баатырдын бүтө элек эстелигинде араб тилиндеги "Аллах" деген жазуу пайда болду
RU

Бишкек баатырдын бүтө элек эстелигинде араб тилиндеги "Аллах" деген жазуу пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелигин орнотушат.

Эстелик КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин күн чыгыш тарабында, Чүй проспект менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде орнотулууда.

Бүтө элек эстеликте араб тилиндеги "Аллах" деген жазуу пайда болгон. Бул шаардыктардын нааразычылыгын жаратты. Алар бийликке Кыргызстан светтик мамлекет экенин эскертип, эстеликтердеги диний жазууларга жол берилбеш керек, деген пикирин билдиришти.

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев бардык иштер бекитилген долбоорго ылайык жүрө турганын, жана ал долбоордо мындай жазуу жок экенин маалымдады.

Ошондой эле мэрия эстеликти "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси орнотуп, муниципалитет ал долбоорго жер гана бөлүп бергенин кошумчалады.

Kaktus.media аталган бирикменин өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

Эске салсак, Бишкек баатыр эстелигинин долбоорун талкулоо, сынакка катышкан иштерди кароо жана тандоо "Бишкекглавархитектурада" ачык форматта өткөн.

Бишкек баатырдын урпагы Марат Курманалиевге 18 эскиз сунушталган, бирок ал бирин да жактырган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/182