Өзгөндө эсепти төлөөдөн баш тарткан кишилер аялга кол көтөргөн видео тарады
12
Өзгөн районунда эки киши кафеде чыр чыгарып, мекеменин кызматкерине кол көтөрүшкөн. Окуянын видеосун жабырлануучунун кызы социалдык тармакка жарыялаган. Анда апасынын эки колу тең сынып, ооруканада жатканын айткан.
Тема боюнча:
Ош облустук ички иштер башкармалыгы видеодогу окуя боюнча маалымат берди. Анда чыр-чатак 22-июлга караган түнү болжол менен саат 2:20да Дөң-Булак айылындагы сыра заводунун жанындагы кафеде болгон.
"Алдын ала тергөөдө эки кардар эсепти төлөөдөн баш тартып, жаңжал чыгарганы аныкталды. Уруш учурунда алар кафенин 42 жаштагы А.К. аттуу менеджерин сабап салышкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуяга тиешеси бар кишилердин өздүгү аныкталып, тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18345
