Ошто өспүрүмгө кол көтөргөн ата-бала аныкталды
RU

Ошто өспүрүмгө кол көтөргөн ата-бала аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын Анар кичи районунда ата-бала өспүрүмдү урган. Күбөлөр тарткан окуянын видеосу интернетке тарады.

Анда эркек киши алгач жашы жете элек баланы уруп, жерге жыгыта койгон. Андан кийин баласына "ур э, ур!" деп, экөөн мушташтырганын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15 жаштагы жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылган. Кийинчерээк өспүрүмдү урган шектүүлөр тергөөгө жеткирилген.

Аталган факты каттоого алынып, учурда окуянын жоо-чайы такталып жатканы маалым болду.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18320