Милиция баласын сабады деген кишини аныктап, окуянын чоо-жайын тактады
RU

Милиция баласын сабады деген кишини аныктап, окуянын чоо-жайын тактады

Все самое интересное в Telegram

Социалдык тармактарга кичинекей балага зомбулук көрсөткөн кишинин видеосу тарап, окуя Ош шаарында болгону айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы интернетке тараган видео боюнча маалымат берип, факты Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталганын белгиледи.

Анда видеодогу жарандар - Ош шаарынын 1990-жылы туулган Т.Ж. (күйөөсү), 1996-жылы туулган Д.А. (аялы) жана алардын 2020-жылы туулган уулу М.У. экендиги аныкталган. Ал эми социалдык тармакка 23-июлда жарыяланган окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы такталган.

"Учурда жубайлар бирге жашабай тургандыгы аныкталып, келин арыз жазуудан баш тарткан. Ошого карабастан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында Ж.Т.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18347