Ошто аялына кайнап турган кыям чачкан киши кармалды
54
Ошто аялына кайнаган варенье чачып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын билдирүүсүндө 43 жаштагы З.О. 9-мартта аялы менен жаңжалдашып, натыйжада кайнап турган варенье чачып жибергени айтылат. Аял денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн.
"Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран тергөөгө келбей, качып жүргөн. Мындан улам ага карата 177-берененин негизинде сырттан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган", - дешет башкармалыктан.
Шектүү 2-июнда кармалып тергөөгө жеткирилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17921