1 жыл мурда айдоочулук укуктан ажыратылганына карабай рулга отурган жаран аныкталды
RU

1 жыл мурда айдоочулук укуктан ажыратылганына карабай рулга отурган жаран аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочулук укугунан ажыратылган киши унаа башкарып жүргөнү аныкталып, жоопкерчиликке тартылды. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Белгилүү болгондой, мурда соттун чечими менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылгандан кийин жаран эки жолу рулга отурганы аныкталган.

"Андан тышкары соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин айдоочулук күбөлүгү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген эмес", - дешет башкармалыктан.

Аныкталган фактылар боюнча айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, жалпы 70 000 сом айып пул салынды. Айдап жүргөн унаасы айып короосуна токтотулуп, айдоочулук күбөлүгү алынды.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18354