Кочкор-Балыкчы багыты боюнча поезд каттай баштады
Президент Садыр Жапаров 25-июлда Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.
"Ынтымак Ордодон" кабарлашкандай, мамлекет башчы Кочкор станциясына поезд менен барып, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.
Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.
"Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 чакырым тоо тилкеси тазаланды. Жолдун өзүнүн курулушуна 1 чакырым үчүн 955 миң доллар сарпталды", - деди президент.
Салыштыруу үчүн ал чет өлкөлүк компаниялар сунуштаган - бир чакырымына 4,8 миллиондон 6,8 миллион долларга чейинки курулуш наркын келтирди.
"Мунун өтө кымбат экенин түшүнүп, тобокелчиликке барууну чечтик жана "Жолду баскан арбытат" деген принцип менен ишти өзүбүз колго алдык", - деген ал.
Балыкчы – Кочкор темир жолунун узундугу 63 чакырымды түзөт. Бул Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы экени кабарланды.