Чоң-Токой айылында дарыяга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда
10
Талас районунун Чоң-Токой айылында дарыяга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Аны табуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар тартылган.
Бүгүнкү күндө издөө иштерине 100дөн ашык адам катышып, дарыянын айланасында жана жээктеринде текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Куткаруучулар коопсуздук эрежелерин сактоо менен издөө иштерин улантууда.
Эске салсак, Байэл Тимур уулу 23-июнда Талас дарыясына агып кеткен. Ошондон бери тиешелүү кызматтар тарабынан издөө иштери токтотулбай жүргүзүлүп келет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18361