Ала-Арча жаратылыш паркында бутун кокустатып алган жаран куткарылды
10
Бүгүн, 26-июлда, Ала-Арча жаратылыш паркындагы Комсомол чокусунан түшүп келе жаткан жаран тайгаланып жыгылып, бутунан жаракат алды. Окуя тууралуу кабар түшкөндөн кийин куткаруучулар дароо тоого чыгып кетишти.
Окуя болгон жерден жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүлүп, атайын куткаруу шаймандарынын жардамы менен ал коопсуз жерге жеткирилди.
Куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктап, жаран жакындарына өткөрүлүп берилди. ӨКМ жарандарды тоого чыгарда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18362