Нарындагы алтын кендин өндүрүштүк калдыгы жайытка тараган
Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участкасында пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүштүк калдыктары шамал аркылуу жайыттарга тарагандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, тургундардын билдирүүсүнөн кийин кен казылган аймакта текшерүү жүргүзүлүп, жайыт жерлерге тараган өндүрүштүк калдыктар тазаланып, аймак толугу менен иретке келтирилген.
Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга 23 миң сом административдик айып пул салынган.
Компаниянын өкүлдөрүнө жаратылышты коргоо боюнча талаптарды кайталап бузууга жол бербөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүүдө экологиялык ченемдерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү дешет министрликтен.