Мыйзам күчөтүлгөндөн бери 1500 миңден ашуун мас айдоочу аныкталды
16
Өлкөдө мас абалда унаа башкарууга жаза күчөгөндөн кийин 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды. Бул 1 ай аралыгындагы көрсөткүч экенин Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Министрликтен жаза күчөтүлгөндөн кийин деле мас абалында унаа айдагандар токтоп калбаганын кабарлап, мыйзам бузгандарга карата 126 млн сомдон ашуун айып пул салынганын билдирди.Белгилесек, жаңы мыйзамга ылайык, мас абалда унаа айдаган жаран транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылып, 80 000 сом айып төлөйт. Мас абалда жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолсо, 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкара албайт.
ИИМ статистикалык маалыматка таянып, Кыргызстандын аймагында массалык адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары мас абалда унаа башкаруудан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандан келип чыгат деп кошумчалады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18365
