Мектептерде башталгыч класстын окуучуларына баа коюлбайт
RU

Мектептерде башталгыч класстын окуучуларына баа коюлбайт

Все самое интересное в Telegram

Мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларынын билим жетишкендиктерин баалоодо баа коюлбайт. Бул туурасында Агартуу министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга баа коюлбайт. Алардын жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык ыкмасы менен бааланат.

Ал эми 4-класстан баштап окуучулардын билимин баалоодо белги коюу системасы киргизилет дешет мекемеден.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18374