Кыргызстандын жаратылыш парктарына, корголуучу аймактарына өткөрмө пунктар орнотулду
Өлкөнүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулду. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Ишмердүүлүктү санариптештирүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарды натыйжалуу башкаруу максатында:
- "Кыргыз-Ата" жана "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш парктарында;
- "Падыша-Ата" мамлекеттик коругунда автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулду.
Бул демилге жаратылыш аймактарын коргоону күчөтүүгө, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга, ошондой эле финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган дешет министрликтен.
Ошондой эле, учурда Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагында жана "Кыргыз-Ата" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген кире бериш аркаларын куруу иштери башталганы маалым болду. Бул объектилер аймактардын инфраструктурасын жакшыртып, келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана туристтик потенциалын арттырууга кызмат кылат.