Түркияда өткөн мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы 4 медаль жеңди
RU

Түркияда өткөн мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы 4 медаль жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн "Champions 2021" XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Калмира Билимбекова (салмактык категория – 57 кг) жана Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) жана Нуридин кызы Бермет (57 кг) мелдеште 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү мелдешке катышуу үчүн 27-майдан 31-майга чейин Стамбул шаарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1844