Садыр Жапаров Катар Фондун араб тилин үйрөтүүчү борбор ачууга чакырды
RU

Садыр Жапаров Катар Фондун араб тилин үйрөтүүчү борбор ачууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Qatar Cherity" кайрымдуулук уюмунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан Катар менен кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берет жана мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жогорку деңгээлге чыгарууга кызыктар.

Кыргызстандын Президенти өлкөнүн агрардык сектордогу зор мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, алыскы аймактардын инфраструктурасын өркүндөтүү, социалдык объектилерди куруу, айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу, өндүрүштү негиздөө үчүн кызматташууга даяр турганын жар салды.

Жапаров Катар кайрымдуулук уюмун биргеликте билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырды.

Тактап айтканда, өлкөнүн алыскы аймактарынан келген студенттер үчүн маалыматтык технологияларды, англис жана араб тилдерин үйрөнүүчү борборлорду ачуу, тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана интернет байланышы мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуш кылды.

Кайрымдуулук уюмунун башкы аткаруучусу Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари жооп иретинде Катар тарап эки тараптуу алака-катышты бекем сактай тургандыгын, ошондой эле ар кандай тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө дагы даяр экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, Катар кайрымдуулук уюму 2019-жылдан бери эки миңден ашуун долбоорду ишке ашырган. Уюмдун негизги багыттары калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, мектеп жана жолдорду куруу болуп эсептелет.

Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари баса белгилегендей, уюмдун дүйнө жүзү боюнча 60 филиалы бар, анын ичинен Кыргызстандагы филиалга өзгөчө көңүл бурулат.

Башкы директор кайрымдуулук уюму үчүн жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1846