Бишкекте өрттү жалгыз өчүрүүгө аракет кылган жигиттин ким экени белгилүү болду
RU

Бишкекте өрттү жалгыз өчүрүүгө аракет кылган жигиттин ким экени белгилүү болду

Все самое интересное в Telegram

Бишкектин түштүк тарабында, "Ынтымак ордого" жакын жерде 12-августта куураган чөп күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгенче жалынды токтотууга аракет кылган жарандын видеосу тарап, соцтармакта талкууга алынган.

Интернет колдонуучулар бетон аралаштыргыч унаа менен өрттү өчүрүп жаткан жарандын видеолору менен бөлүшүп, жакшы пикирлерин жазышкан.

Өрттү өчүрүүгө аракет кылган жигит Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш объектилеринде айдоочу болуп эмгектенген Талгат Каныбек уулу экени маалым болду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө аракет кылып, кырдаалдын курчуп кетишин алдын алууга салым кошкон жигит өзү үчүн кооптонбогонун, башкы максаты өрттү өчүрүү болгонун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18530