Курманкул Зулушев: Учурдагы иштеген кодекстер боюнча коомчулукта нааразычылыктар арбын
RU

Курманкул Зулушев: Учурдагы иштеген кодекстер боюнча коомчулукта нааразычылыктар арбын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азыркы учурда иштеп жаткан кодекстерге 2019-жылдын 1-январынынан тарта күчүнө кирген кодекстер иштеп баштаган күндөн бери, коомчулукта ар түрдүү сын-пикирлер айтылып жаткандыгын ачык моюнга алышыбыз керек. Мындай пикирин башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүнкү тегерек столдо билдирди, деп башкы прокуратуранын басма сөз бөлүмү бүгүн, 02-июнда жөнөткөн пресс-релизинде жазылган.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын башчысы мындай сындар карапайым калк тарабынан гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана эч себепсиз ишмердүүлүгүнө камак салынып токтоп калган бизнес өкүлчүлүгү, укук коргоочулар өңдүү адисттер тарабынан да айтылып келгенин билдирди.

Эң башкысы бул сын-пикирлердин көпчүлүгү негиздүү болууда- деди Зулушев. Башкы прокуратура тарабынан мындан бир ай мурда "Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө", ошондой эле "Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдардын долбоорлору демилгеленип, коомдук талкууга чыгарылган.

Бүгүн, бул мыйзам долбоорлору боюнча Башкы прокуратура тарабынан тегерек стол уюштурулуп, ага бир катар укук коргоочулар, депутаттар, коомдук ишмерлер жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1855