Өзгөчө кырдаал министрлиги 3-июнга карата күтүлбөгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берет
RU

Өзгөчө кырдаал министрлиги 3-июнга карата күтүлбөгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 3-июнь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматты ӨКМдин пресс-борбору таратты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 3-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1871