Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы быкшып жаткан чыр-чатак кимге пайда?
RU

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы быкшып жаткан чыр-чатак кимге пайда?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен телефон аркылуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу АКШнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мамлекеттик катчы кастыкты азайтуу, чек араны демаркациялоо жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетишүү боюнча иш-чараларды талкуулады.

"Мамлекеттик катчы баардыгы үчүн аймактык байланыштарды, адам укуктары менен негизги эркиндиктерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи" деп Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс өз билдирүүсүндө билдирди.

New Geopolitics Research Network Азия-Тынч океан бөлүмүнүн башчысы Юрий Пойта, атайын Kaktus.media үчүн бир ай мурун болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча божомолдору менен бөлүштү.

- Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатактын басаңдашы ким үчүн пайдалуу?

- Чыр-чатактарды башкаруу теориясында "кимге пайдалуу" деген суроо адатта биринчи орунда турбайт, анткени көп учурда бенефициар конфликтке катышпашы мүмкүн. Мисалы, "кимге пайда - ал катышуучу" деген логикага ылайык, Covid-19 коронавирусунун чыгышына медициналык маска өндүрүүчүлөрдү жана Zoom компаниясын күнөөлөөгө болбойт да.

Конфликттердин теориясында жана практикасында, эреже катары, алар тигил же бул формада, конфликтке белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн катышкан түз жана кыйыр катышуучулардын түшүнүктөрү менен иштешет.

Кыргыз-тажик жаңжалы болгон учурда, мен түздөн-түз катышуучулардын төмөнкү топторун бөлүп айтат элем:

  • жергиликтүү тургундар - кыргыздар жана тажиктер;
  • эки тараптын тең коопсуздук күчтөрү;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын саясий жетекчилиги.

Бул үч топ ар кандай деңгээлде конфликтке катышышат, эгерде жөнөкөйлөтүлгөн моделди талдап көрсөк, төмөндөн өйдө карай - биринчи кезекте чечилбеген чек ара маселелери боюнча. Ага жергиликтүү тургундар катышат, андан кийин эскалация болгондон кийин коопсуздук күчтөрү катышат, андан кийин жогорку жетекчилик жаңжалды жөнгө салууга аракет кылат.

Чыр-чатактын кыйыр катышуучуларынын бири катары Россияны эсептесе болот, ал бейтараптуулукту жана кийлигишпөөнү сыртынан байкап турат, бирок өзүнүн стратегиялык милдеттерин чечүү үчүн аймактагы туруксуздуктан пайдаланууга аракет кылып жатат. Россиянын ролу, менин көз карашымда, тажик-кыргыз жаңжалында эки анжы. Расмий түрдө, Москва жана ал жетектеген ЖККУ жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү жактайт, ал тургай модератор катары өз кызматын сунуштайт. Бирок, Москванын постсоветтик мейкиндиктеги стратегиялык максаты - союзга жамынып, Орусияга толугу менен баш ийген көз каранды спутник мамлекеттерин түзүү.

Бул саясат ар кандай инструменттерди колдонуу менен жүзөгө ашырылат: экономикалык жана каржылык көз карандылыкка тартуу, саясатчылар менен расмий эмес коррупциялык байланыштарды түзүү жана колдоо, аскердик-саясий жана аскердик-техникалык көзкарандылыкты тереңдетүү ж.б.

Постсоветтик мейкиндиктеги өзүн-өзү камсыз кылган жана суверендүү мамлекеттер Россиянын монополиялык таасирди орнотуу дымактарына түздөн-түз коркунуч туудурат, ошондуктан Москва өз позициясын бекемдөө үчүн бардык алгылыктуу кырдаалды колдонот. Мунун жандуу, бирок анын жалгыз эмес мисалдары - Россиянын Молдова, Грузия, Украина жана Тоолуу Карабахтагы аракеттерин алсак болот.

Россия бир катар себептерден улам өнүгүүнүн позитивдүү күн тартибин (өндүрүшкө, инновацияларга, өнөр жай кызматташтыгына, заманбап технологияларга ж.б.) сунуш кыла албагандыктан, натыйжалуу инструмент катары, коңшу мамлекеттердин аялуу катмарына башка планын колдонуп, алардын алсызданышын тереңдетүү. Заманбап илимде муну гибриддик таасир этүү технологиялары деп аташат.

Мисалы, Тажикстандын жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн алсыздыгы россиялык аскер күчтөрүнүн өлкөгө жайгашуусун актоо үчүн колдонулат, региондун өлкөлөрүндө жумушсуздук Россияга болгон эмгек миграциясына өбөлгө түзөт, экономикалык алсыздык стратегиялык инфраструктураны арзаныраак колго алууга шарт түзөт. Төмөн маалымат коопсуздугу коомдук маанайга таасир этүү үчүн колдонулат.

Ушул өңүттөн алганда, чек аралардагы чыр-чатактар ​​жана улуттар аралык кагылышуулар Москвага дагы бир жолу өзүн демонстрациялоого мүмкүнчүлүк берет. Эки мамлекеттин сырттан келип чыккан кырдаалды көзөмөлдөй албастыгы, туруксуздаштыруудан корккону, Россиянын бул аймакта тынчтыкты орнотуучу катары көрүнүүсүнө шарт түзүүдө. Акыры, улуттук элита Кремлден коргоону издеп барганы Москва үчүн пайдалуу.

- Сиздин оюңуз боюнча, окуя мындан ары кандайча өнүгөт? Анын үстүнө АКШ дагы чыр-чатакты жеңүүгө жардам бере тургандыгын жарыялап койду.

- Бул суроого жооп берүү үчүн жогоруда айтылган чыр-чатактын түздөн-түз катышуучуларынын (жергиликтүү тургундар, коопсуздук күчтөрү жана жетекчилик) аракеттерине талдоо жүргүзүү керек. Куралдуу күчтөрдү чыгарып кетүү, эки тараптуу комиссиялардын ишин уюштуруу боюнча бийлик алардын абалынын оорчулугун төмөндөтүү ниети жөнүндө бир топ туура билдирүүлөрдү жасап жаткандыгын байкадык. Бирок, менин көз карашымда, негизги түйүн чечилбей жатат - такталбаган чек араларга байланыштуу чыр-чатактын чыныгы себептерин жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана келишимдерди так сактоо, жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык жана материалдык-техникалык маселелерди чечип бериш керек эле.

Эки тарап тең жүргүзгөн иштерге карабастан, региондун конфликттик потенциалы жогору бойдон калууда, бул дагы ушул сыяктуу жагдайлардын кайталанышын жокко чыгарбайт.

Тышкы медиаторлордун катышы жөнүндө айта турган болсок, учурда Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы үчүнчү жактарга ортомчулук кылууга кызыкдар эмес. Ошондуктан, АКШнын, ЕККУнун, Россиянын жана башкалардын сунуштары Бишкекте дагы, Дүйшөмбүдө дагы деле болсо жооп таба элек, бул сүйлөшүүлөр учурдагы эки тараптуу комиссиялардын алкагында уланат деп божомолдоого болот.

Бирок, азыр Борбордук Азия аймагында АКШнын аскер контингентинин жана союздаштарынын Афганистандан чыгып кетишинен, АКШ менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык атаандаштыктын күчөшүнөн жана постсоветтик мейкиндикте Түркиянын ролунун жогорулашынан улам келип чыккан аскердик-саясий кырдаалда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат.

Бул факторлор жалпы регионго, айрыкча Кыргызстанга таасирин тийгизет, анткени америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү күтүүсүз бойдон калууда. АКШнын өзүнүн аскер контингентин аймактын бирине жайгаштыруу ниети жок. Эми Россия менен Кытай Афганистандан келип чыккан коркунучтарды азайтуу саясатын жигердүү жүргүзүшү керек болот.

Россиянын жогорку аскердик-саясий жетекчилигинин акыркы билдирүүсүнө таянсак, Москва Тажикстан жана Кыргызстан менен аскердик-саясий жана аскердик-техникалык кызматташтыгын тереңдетип, аймактагы өлкөлөрдүн аскердик объектилериндеги аскердик инфраструктурасын өркүндөтөт жана түрк тилдүү мейкиндикте Анкаранын дымактарына каршы болот . Демек, тажик-кыргыз жаңжалына буга чейин дайындалган тараптардан тышкары, ар биринин өз кызыкчылыгы жана мүмкүнчүлүгү бар жаңы кыйыр оюнчулар кошулушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1877