Баткендеги тажик фураларына байланышкан жаңжал. Алар кыргыз машинелерине алмашыла элек
RU

Баткендеги тажик фураларына байланышкан жаңжал. Алар кыргыз машинелерине алмашыла элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эске сала кетсек, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Кыргызстандын милиционерлери тажик фураларды коштоп барып, жергиликтүү калк менен пикир келишпестиктер жаралган. Облустун ОИИБси Тажикстандын жүк ташуучу машинелерин кыргыз фураларына алмаша тургандыгын билдиришкен.

Баткен облусунун ОИИБси Kaktus.media редкциясына берген маалыматы боюнча Тажикстандын жүк ташуучу унаалары дале унаа токтотуучу жайда турат жана Тажикстанда калып калган жети кыргыз фурасына алмашуу ушу күнгө чейин жүргүзүлө элек.

2021-жылдын 7-майында, Баткен облусуна кире бериш жеринде Тажикстандын мамлекеттик номерлери жазылган үч фура токтотулган болчу. Ал эми 11 майда унаалар облустун ОИИБсинин коштоосунда унаа токттотуучу жайга коюлган.

"Учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын ИИМ жетекчилери фураларды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрду жүргүзүп жатышат. Жакын арада унаалар алмашылат", - деп ИИБден ишендирип кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1880