"Хабиб мени сексуалдык кулчулуктан куткарган. А бирок аны түрмөгө камап салышты."
RU

"Хабиб мени сексуалдык кулчулуктан куткарган. А бирок аны түрмөгө камап салышты."

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Ысык-Ата районунун тургуну Хабибулла Туланбай угли Оманов кайрылды. Ал Канттын милиция кызматкерлеринин аракеттеринен жапа чеккенин айтты. Анын айтымында, ал 16 жаштагы кызга сексуалдык кулчулуктан кутулууга жардам берген. Андан кийин жасалма айып менен тергөө абагына жөнөтүлдү. Хабибулла бул саунанын ишинен киреше алгандардын өч алуусу деп эсептейт. Кыз Хабибулланын сөздөрүн тастыктайт.

Хабибулланын окуясы

Хабибулланын айтымында, 2020-жылы 9-февралда ал үй жумуштары менен алектенип, кечки саат 23:00дө кафеге барган, ал жерден ичимдик ичип, саат 03:00 чамасында саунадагы Айима аттуу кызга чалган. Кардарлары көп болгондуктан ал келүүдөн баш тарткан. Ошондуктан, ал анын саунасына өзү барган.

"Дарбаза ачык болчу, мен ал жактагы администратор Чолпондон баштап баарын тааныйм. Эшик алгач ачылган жок, андан кийин Аман аттуу бала ичинен ачты. Ал ич кийимчен болчу. Мен Айыманы кызгангандыктан Аманды төшкө урдум ал кулап түшүп жинденип чыгып кеткен. Бөлмөлөрдүн биринен Нуржан аттуу кызды жана бейтааныш кызды көрдүм, аны ойготтум, анын үнүнөн жашы жете элек экендигин түшүндүм, ал 19 жаштамын деп айтты, бирок мен ишенген жокмун, ага кыйкырдым. Администратор Чолпон келип, тынчтануумду суранды, бул кыз 22де деп ишендирди. Бирок администратор кеткенден кийин, ал кыз болгону 16 жашта экендигин мойнуна алды", - деди Хабибулла.

Ал кошумчалагандай, алардын жашы жете элек кызды кулчулукта кармап турушканына ачууланып саунада жаңжал чыгарган. Ушул маалда саунанын ээлери келишкен. Канттыктардын бардыгы аларды Князь жана Татьяна деп таанышат.

"Мен Князга жашы жете элек баланы иштетип жатканын айтып, милицияга чала баштадым. Милиция келгенге чейин Ханзаада жашы жете элек кызга эки күндүн ичинде тапкан акчасынын бардыгын, тактап айтканда 7200 сомду берүүнү буйруду. Администратор көпкө чейин каршылык көрсөтүп, андан кийин акчаны мага берди. Күбөлөрдүн көзүнчө акчаны жашы жетелек кызга карматтым", - деди ал.

Милиция келгенде акча кызда болчу

"Карина аттуу дагы бир саунанын кызматкеринен кызга кийим алып берип, аны Жалал-Абадга үйүнө жөнөтүп коюуну өтүндүм. Февраль айы болчу, ал эми кыз кыска юбка кийип алган. Мен саунада таң атканча отургам, бирок өзүнчө бөлмөдө Эртең менен, менин досум келип, аны Бишкек аркылуу үйүнө жөнөттү ", - деди Хабибулла.

Ал бул саунаны мурунтан билгендигин баса белгиледи, анткени ал мурда такси айдоочусу болуп иштечү жана ар бир алып барган кардар үчүн администраторлор Таня менен Чолпон ага 50 сомдон беришчү.

"Эртең менен мен саунадан чыгып, Князды көрдүм, ал мени прокуратурада тааныштар бар деп коркута баштады. Мен райондук прокуратура 50 метр алыстыкта ​​болгондуктан, ал жакка барууну сунуш кылдым. Бирок ал коркуп кетип, мени жете элек бала менен кете берүүмдү өтүндү" деди жабырлануучу.

Кармоо

2020-жылдын 19-февралында ыкчам иликтөө кызматкерлери Хабибулла Туланбай углу Омановду кармап, "Бейбаштык" жана "Каракчылык" беренелери боюнча айыпташкан. Аталган адам саунанын эшигин талкалап кирип, администраторду сабап, анын акчасын тартып алган, деп айыпталган.

"Кармоо учурунда менде 24 миң сомдун тегерегинде акча бар болчу. Атайын бөлүктөр аларды менден тартып алышкан жана мени тергөө абагына жөнөтүшкөн. Алты айдан кийин 2 жыл 6 айга эркимен ажыратылдым, бирок, мунапыс колдонуп, мен сот залынан бошотулдум. Анткен менен учурда райондук милиция жана прокуратура кызматкерлери сойкукананын "Калкалоосу" жөнүндөгү чындыктын бардыгы ачыкка чыгып калат деп коркуп жатат, ошондуктан мени түрмөгө отургузууга аракет кылышууда. Алар дагы бир жолу соттун өкүмүнө даттанышты ", - деди Хабибулла.

Жашы жете элек кыздын көрсөтмөлөрү

Хабибулла анын жактоочусу сот процесси учурунда жашы жете элек кызды тапканын, бирок кыз коркутуп-үркүтүүгө кабылгандыктан, дайынсыз жоголгонун айтты. Бирок кыз видео кайрылуу жасаган.

Берилген видеодо белгисиз кыз өзүн тааныштырып, Мадина базарында официант болуп иштегенин жана ошол эле учурда жумуш издеп жүргөнүн айткан.

"Мага жумуш сунуш кылган аял менен таанышып, Кант шаарындагы бир үйгө бардык, ал жерден бир топ кыздарды көрдүм. Мага саунада сойку болуп иштейсиң деп айтышты. Бирок мен дароо баш тарттым. Администратор ата-энемди таанырын жумуштан баш тартсам аларды өлтүрөөрүн айтып коркутту. Анан мен иштей баштадым "дейт видеодогу кыз.

Ал экинчи күнү жумушта иштеп жатканда, түн бир оокумда Хаби аттуу жигит келип, ал бир аз мас абалда болгонун айтты.

"Биз бири бирибиз менен тааныштык, мен ага кайдан экенимди айтып бердим. Биз жердештерден болуп чыктык. Мен ага сексуалдык кулчулукка кабылганымды айтып берсем. Байке администратордон саунада иштеп тапкан акчамды берүүсүн талап кылды. Милиция дагы ал жакка келген, бирок алар саунанын ээлеринин таламын талашып турушту. Эртеси күнү эртең менен Хаби мени үйгө салып жиберди. Кийин Хаби менен сүйлөшүп турчук, бирок андан кийин байланыш үзүлүп калды.Үч айдан кийин, анын энеси менен сүйлөшүп жатканда, мен анын түрмөгө түшкөнүн билдим, анткени ал мени саунадан куткарып чыккан, мен Кантка келип акыйкат көрсөтмө бергим келет, - дейт кыз.

Ал ошол түнү Хаби бир дагы кызды сабаган эмес, акча алган эмес жана саунанын мүлкүн талкалабаган деп баса белгиледи. Баары тынч эле болчу.

Белгилей кетсек, Хабибулла Туланбай Угли Омановдун иши боюнча сот жараяны жакында болот. Kaktus.media редакциясынын жамааты окуялардын өнүгүшүнө көз салып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1902