Алай районунда Аба коргонуу күчтөрүнүн вертолету кулап түштү
RU

Алай районунда Аба коргонуу күчтөрүнүн вертолету кулап түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алай районунда аба коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 вертолету кулап түштү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жеке булактар билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Аба күчтөрүнүн вертолету чек арада чыр-чатак чыккан жерге бет алган. Азырынча төрт адам жабыркаганы белгилүү.

"Баш-аягы бортто 15 киши бар болчу. Учурда төрт киши аныкталды, аларга жардам көрсөтүлүп жатат", - деген маалымат редакцияга берилди.

Коргонуу министрликтин басма сөз кызматы комментарий берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1904