Вертолет кулап түшүп, бир аскер кызматкери жабыркады
RU

Вертолет кулап түшүп, бир аскер кызматкери жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Аба күчтөрүнүн тик учагы кулап түшүп бир аскер кызматкери жабыркады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына башкы Ош облус аралык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Арстанкулов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер кырсыктын айынан жабыркаган бир жоокерди күтүп жатышат.

"Ал үчунчү деңгээлдеги күйүктөрдү алган. Биз зарылчылык болуп калса деп реанимацияны даярдап жатабыз", - деди ал.

Дарыгердин айтымында, окуя Ош облусунун, Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнөн алыс эмес жерде болгон. Андан тышкары дагы жабыркагандар болушу мүмкүн.

Бүгүн, 4-июнда, чек ара боюнча делегация УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен биргеликте Чоң-Алайга эки вертолет менен учуп келишкен. Тик учактын бирөөсү жерге кулап түшкөн. Алдын ала берилген маалымат боюнча тетиктери бузук болгондон улам ушундай болду.

УКМК - бул авариялык шартта жерге конуу болду, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин алты саны аман, деп баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1907