Минтранстын кызматкерлери митингге чыгышты. Аларга бир нече айдын айлыгы бериле элек
RU

Минтранстын кызматкерлери митингге чыгышты. Аларга бир нече айдын айлыгы бериле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-декабрда, Транспорт жана жол министрлигинин имаратында кызматкерлер митинг уюштурушту. Алар айлык акынын төлөнүүсүн талап кылышууда. Чогулгандардын айтымында, аларга бир нече айдан бери айлык маянасы бериле элек.

"Оозубузду жабыш үчүн бир жарым, эки мин сомдон беришет. Бирок биз үй-бүлөлөрүбүздү багышыбыз керек да. Анын үстүнө жакында майрамдар башталат", - деди митингге чыккандардын бири.

Митингге чыккан бир нече кызматкерлерди сүйлөшүүгө чакыртышты, андан кийин нааразычылык уюштургандарга администрациянын өкүлү чыкты. Ал айлык маселесин бүгүн-эртең чечип берүүнү убада кылды. Белгилей кетек, администрациянын өкүлү журналисттин видеого тартып жатканын жактырган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/190