Атайын кызмат өзүн Жапаровдун тууганымын деп тааныштырган дагы бир шылуунду кармады
RU

Атайын кызмат өзүн Жапаровдун тууганымын деп тааныштырган дагы бир шылуунду кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилигинин коррупциянын негиздерин жоюу аракеттерин дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишинин алкагында УКМК ири көлөмдөгү алдамчылык фактысынын бетин ачты.

Жаран Ш.Н.Р, Президенттин жакын туугандарынын ысымдарын жашырып, Каракол мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин К.Т.С ири өлчөмдө - 5000 доллар жана 45000 сом өлчөмүндөгү каражатын алдап алгандыгы аныкталды. Шектүү андан кызмат ордун сактап берем деп акча каражатын алдап алган.

Аталган факт боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ири көлөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери уланууда.

Кечээ, 4-июнда жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын натыйжасында Ш.Н.Р кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

УКМК мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын аты-жөнүн жана абройун кылмыштуу максаттарда колдонгон шылуундарга мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет. Эгер сизде ушундай фактылар болсо, анда бул номерлерге кайрылыңыз 0312 62 05 85, 0312 66 04 75

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1924