Күрөш боюнча балбан Руслан Царевдин бир тууганы акча доолады деп шектелүүдө
RU

Күрөш боюнча балбан Руслан Царевдин бир тууганы акча доолады деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте акча доолады деп шектелгендер кармалды. Алардын бири күрөш боюнча балбан Руслан Царевдин эгиз бир тууганы. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Белиглүү болгондой, декабрдын башында 29-жаштагы С.А.га кара BMW менен эки жигит келген. Алар өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырып, коркутуп С.А.дан 380 миң сом доолашкан. Алар К.М. деген адамдын атын аташып, С.А. ага акча карыз экенин эскертишкен.

Акча доолагандар кетип калышкан, бирок телефон чалып, коркутууларын уланта беришкен. Телефон аркылуу тоого алып чыгып, чара көрө турганын айтып опузалашкан.

22-декабрда ИИМдин 2-бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ИИББсинин атайын операция жүргүзүүчү отряды жана УКМК менен биргеликте шектелүүчүлөр 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан. Алар 1992-жылы туулган Түп районункн жашоочусу М.А. жана 1991-жылы туулган Казакстандык Ц.Р. экени аныкдалды.

Экөө тең Бишкек ИИББсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Эске салсак, жакында Руслан Царев Дүйнө кубогунда грек-рим күрөшү боюнча коло байгеге татыктуу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/192