Чек ара кызматы Чоң-Алайдагы кырдаал тууралуу айтып берди
RU

Чек ара кызматы Чоң-Алайдагы кырдаал тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-июнда саат 15: 30да Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

"Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, туруктуу жайгаштыруу жерлерине тараптардын кошумча күчтөрүн жана каражаттарын чыгарып кетүү аягына чыкты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган КР УКМКнын Чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда ", - деп билдиришти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1934