Садыр Жапаров финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
kaktus.kg

Садыр Жапаров финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

79  0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Kaktus.kg мамлекет башчысынын куттуктоосун төмондө келтирет:

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү -кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Финансылык-экономикалык система өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Бул процессте аталган чөйрөнүн кызматкерлери негизги ролду ойнойт.

Бүгүнкү күндө республиканын аталган тармагында кесиптик деңгээли жогору адистер иштейт, алар өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын орчундуу бөлүгүн түзөт.

Биздин финансисттердин жана экономисттердин потенциалы мамлекеттин экономикалык өсүү темпин жогорулатууга, тең салмактуу бюджетти камсыздоо жаатындагы милдеттерди жогорку деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле глобалдык чакырыктардын алдында экономикалык туруктуулукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенем.

Бул милдеттердин аткарылышы ар бирибизден бийик профессионалдуулукту, жумушка ак ниет мамиле кылууну жана чынчылдыкты талап кылат.

Мамлекеттин бакубаттулугу жана экономиканын мындан аркы өнүгүүсү сиздердин күжүрмөн күнүмдүк эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен байланыштуу.

Кесиптик майрамыңар менен куттуктап жатып, сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди каалайм!".

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/1941Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА