"Чындыкты бетке айтчу". Кырсыктан көз жумган Садыр Жапаровдун дарыгери кандай адам болгон
RU

"Чындыкты бетке айтчу". Кырсыктан көз жумган Садыр Жапаровдун дарыгери кандай адам болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин кортежинде болгон кырсыктан каза болгон УКМКнын кызматкери Садыр Жапаровдун жеке дарыгери болгон. Илгиз Усубалиев 37 жашта болчу. Анын досу, Кара-Буура аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Улан Бийгелдиев маркум кандай болгонун мындайча эскерет:

- Илгиз ачык айрым, боорукер, өз өлкөсүнүн патриот адамы болгон. Биз аны менен бир курста окуганбыз, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда беш-алты жылдан ашык чогуу иштедик.

Биз кабыл алуучу бөлүмдө иштегенбиз. Ал оор абалдагы бейтаптарды сактап калган учурлар көп болгон. Алардын кайсы бирин эстеп айтуу кыйын.

Илгиз ар дайым акыйкаттык үчүн күрөшүп келген. Ал чынчылдыкты сүйүп, чындыкты бетке айтчу, эч качан бирөөнүн аркасынан эч нерсе айтчу эмес.

Ал шайыр, баарлашууга жакын адам болгон. Кимдир бирөө менен оңой тил табыша алчу.

Биз травматологиядан дээрлик бир эле мезгилде которулдук: ал УКМКда, мен Таласта башкы дарыгер болуп жүрдүм. АлгачТаласка барсамбы же барбасамбы деп эки анжы болуп жүрдүм. Ошондо Ильгиз акылын айтып шыктандырган: ал мени өлкө үчүн иштөөгө, бир нерсени жакшыртууга бул жакшы мүмкүнчүлүк деп ишендирди.

Туура бир жыл мурун Илгиздин агасы COVID-19дан көз жумган. Бул жылы ал өзү. Кандайдыр бир мистика.

Анын карыган ата-энеси калды. Уулдарынан башка алардын эч кимиси жок.

Ильгиздин артында чиедей үч баласы калды: эки уулу жана бир кызы.

Биз анын каза болгонуна дале ишене албай жатабыз.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөздө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1942