COVID-19га каршы күрөшкөн медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу сунушталды
RU

COVID-19га каршы күрөшкөн медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул жөнүндо өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлумү билдирди.

"Өлкө үчүн оңой эмес учурда биздин дарыгерлер кесипке берилгендигин билдирип, өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөттү. Биз алардын эрдигин эсибизде сактайбыз, бирок келечек муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташтырылгандыгын билүүсү үчүн алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек", - деди Жылдыз Бакашова.

Андан соң эстеликти орнотуунун демилгечиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов тарабынан скульптуранын макети суншталды, анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык мэриясына эстелик орнотулуучу орунду аныктоосу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Конституциясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин киргизүүсү тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1950