Бишкектеги Чоң Чүй каналына эки киши чөгүп кетти
RU

Бишкектеги Чоң Чүй каналына эки киши чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги БЧКдан 40-50 жаш курактагы эки эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомоство берген маалыматка ылайык, 6-июнда Лебединовка айылында эки киши сууга чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Жергиликтүү тургандар ӨКМдин куткаруучулары келгенге чейин эле бир эркектин денесин суудан чыгарышкан. Ал 1971-жылы туулган Ш.М. экени белгилүү болду. Анын сөөгү укук коргоочу органдарга өткөрүлүп берилген.

Экинчи кишинин денесин төрт куткаруучу издеп тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1961