"Турмушка чыгыш керек". Алматылык кыз ушундай плакат менен жалгыз пикетке чыкты
RU

"Турмушка чыгыш керек". Алматылык кыз ушундай плакат менен жалгыз пикетке чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматынын тургуну 26 жаштагы Сабина Санбер жалгыз пикетке чыгып, коомчулук турмушка чыга элек кыздарга кысым көрсөтүүсүнө каршылыгын билдирди.

Ал көчөгө үлпөт көйнөгүн кийип чыгып, колуна "турмушка чыгыш керек" деген плакат көтөрүп алган. Сабинанын айтымында, туугандар, достор, жөн эле тааныштар деле анын жаш курагын билип, дароо турмушка чыгышы керектигин айтышат.

"Мөөнөтүң бүтүп калат", "убактың өтүп баратат", - деген сөздөр мага катуу тиет. Менин оюм боюнча кыздар турмушка чыгууга даяр болгондо, сүйүктүүсүн тапканда жана баш кошууга макул болгондо гана үй-бүлө куруш керек. Көпчүлүк кыздар коомдук стандарттарга каршы тура албай, убактым өтүп баратат, деп шашып турмушка чыгып алышат. Мен үй-бүлө курууга каршы эмесмин. Болгону адамдарды рамкага салууга каршымын", - дейт Сабина Санбер.

Сабинанын акциясын көпчүлүк айымдар колдоп, жеке окуяларын айтып берип жатышты.

Андан тышкары каршылык акциясын уюштурган кызды милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуп жатат деген айыптоо менен милиция бөлүмүнө алып кетүү аракетин көрүштү. Бирок башка кыздар ага болушуп, жөн эле плакат менен көчөдө турган мыйзам бузуу эмес, экенин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1965