Соода үйүнүн жанындагы скверди "Тазалык" арендатордон кайтарып алып тазалады (фото)
RU

Соода үйүнүн жанындагы скверди "Тазалык" арендатордон кайтарып алып тазалады (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" мамлекеттк ишканасы Соода үйүнүн жанындагы скверди тазалады. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 20 жылдан бери сквер Соода үйүнө ижарага берилген болчу, бирок кароосуз калган.

Ишкананын кызматкерлери оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, отургучтарды, балдар аянтчасын сырдап, фонтанды тазалашкан. Жанындагы чөптөрдү оруп, дарактарды кыркып, егерек-четин тазалап, жаңы брусчатка төшөштү.

Жакынкы күндөрдө сквер мамлекеттик ишкананын балансына өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1967