Көңүл буруңуз! Шылуундар Бишкек мэриясынын атынан акча сурашат
RU

Көңүл буруңуз! Шылуундар Бишкек мэриясынын атынан акча сурашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардан жана мессенджерлерден жарандардан Бишкек мэриясынын жетекчилигинин атынан (жабдууларды сатып алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү ж.б.) каражат которуу өтүнүчү менен кайрылышкан учурлар кездешүүдө. Алар шылуундар! Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек мэриясы эч качан мындай акча чогултуу менен алектенбейт. Шаардык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде так иштешет. Борбор калаанын муниципалитетинин бир дагы кызматкери мындай жеке билдирүүлөрдү жазбайт", - деп баса белгилешти алар.

"Маалыматты расмий булактардан текшерип алыңыз! Алдамчылык фактысы аныкталса, тез арада 102 - милицияга же 0312 61 07 75 - Бишкек мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү секторуна чалыңыз", - деп белгиледи мэриянын басма сөз кызматы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөздө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1973