Айгүл Жапарованын фонду карызы бар фирманы жарандарды акысыз ташууга тарткан
RU

Айгүл Жапарованын фонду карызы бар фирманы жарандарды акысыз ташууга тарткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айгүл Жапарованын "Үмүт булагы" фонду маршруткачылар иш таштаганда шаардыктарды бекер ташуу үчүн 20 автобус сунуштаган.

Ошол 20 автобус "Шыдыр Жол" компаниясынан ижарага алынгандыгын "Үмүт булагы" фонду Kaktus.media редакциясына тастыктады. Бирок, кандай шартта алганын жана ижарасына канча төлөгөнүн коммерциялык сырга шылтап айтышкан жок.

"Бул автобустар "Шыдыр жол Кей Джи" компаниясынан ижарага алынды. Алар менен макулдашуунун шарттарын ачыктай албайбыз, бул коммерциялык сыр. Фонддун кайрымдуулук иштерин каржылаган демөөрчүлөрү бар", - деп фонддон жооп беришти.

Биринчи айымдан өз кезегинде жана орундуу көрсөтүлгөн жардам. Бирок "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясынын версиясы фонд берген маалыматтан айырмаланып турат.

Деталдары белгисиз болгон кайрымдуулук

"Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясынын өкүлү Нургазы Балтабаевдин айтымында, "Үмүт булагы" фонду компания менен шаардыктарга жардам берүү жөнүндө меморандум түзүшкөн. Меморандумга ылайык, фонд автобустарды ижарага алган эмес, болгону ар бир автобуска 60 литр өлчөмүндө май куюп берген. Андан тышкары компания фонддон эч нерсе алган эмес.

"Көйгөй жаралганда, фонд кайрымдуулук өткөрүү сунушу менен кайрылган. Меморандумда фонд автобустарга май куюп берет деп жазылган. Калган чыгашаларды биз көтөрүшүбүз керек болчу. Шаар тургундарын бекер ташып жаттык. Биз айдоочуларыбызга күнүнө 1000 сомдон төлөдүк", - деди Балтабаев.

Ошондо жарандарды акысыз ташуу эки тараптуу кайрымдуулук болду. Бирок автобустардагы жазууларда биринчи айымдын фонду гана көрсөтүлгөн.

Компаниянын ээлерин бул факт анчейин капаланткан жок.

"Биз үчүн негизги максат шаар тургундарына жардам берүү, калганы кызык деле эмес. Мисалы, ири коммерциялык компаниялар бир же эки автобус берип, бардык жерге ошонусун жарнамалап чыгышты. Биз элге жардам бердик, калганы маанилүү эмес", - дейт ал.

Финансылык көйгөйлөру бар фирма, пайда таппаганына карбастан кантип биринчи айымдын кайрымдуулук жасоосуна көмөктөштү?

"Шыдыр Жол Кей Джи" фирмасынын шаардык мэрия менен көп жылдан берки пикир келишпестиктери бар. Фирма Бишкекте бир нече линияга автобус чыгарууну пландап жаткан, анын ичинде №5 маршрут боюнча дагы. Бирок, мэрия менен бир бүтүмгө келе албай бир эле №35 автобусту иш жүзүнө киргизген. Бир жылдан ашык убакыттан бери 30 жаңы автобустун 20сы ишсиз турат. Фирманын автопарктын аймагын ижарага алып колдонгону үчүн мэриянын алдында карызы 1 млн 53 миң сом болгон.

Ижара акысын төлөй албаган, насыясын өз убагында төкпөгөн фирма кандайча кайрымдуулук менен алектенип жатат?

Балтабаевдин айтымында, "Шыдыр Жол Кей Джи" жыргалчылык жашоону башынан өткөрбөсө да, ар дайым муктаж болгондорго жардам берип келет. Ал муну патриотизм сезими деп түшүндүрдү.

"Бул биз жасап жаткан биринчи кайрымдуулук эмес. Пандемия учурунда муктаж болгондорго 800 миң сомго жардам кылдык. Биздин башка фирмаларыбыз да бар. Ошолордун эсебинен кайрымдуулук кылабыз", - деди Балтабаев.

"Шыдыр жол" жана октябрь окуялары

Бул "Шыдыр Жол Кей Джи" фирмасынын Жапаровдор менен алгачкы кызматташуусу эмес. Октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташууга макул болуп, ошондо эле көпчүлүккө таанымал болуп калган. "Шыдыр Жолдун" автобустарын Эски аянттан, "Ак-Кеме" жана "Ысык-Көл" мейманканаларынын жанынан көп эле байкашкан.

"Шыдыр Жол Кей Джинин" өкүлдөрү алардын президент менен эч кандай байланышы жоктугун айтып келишет. Өз кызматы үчүн эч кандай акча албаганын жана жасаган иштеринин бардыгы акысыз, патриоттуулук сезиминин негизинде жана коррупцияга малынган чиновниктерди жок кылуу максатында гана жасалып жатканын ишендиришти. Ошол эле учурда, Жапаровдун тарапташтарын ташып жаткан кезде ким менен байланышып, ким уюштурганын, алардын иш аракеттерин ким координациялаганын айтып бере алышкан жок.

Жүздөгөн айып пулдар - маселе жаратпайт

Жыйырма автобусту ишсиз тургузуп койгон фирма өзүнүн эсебинен митинге келгендерди ташып, айдоочуларга акча төлөп, "Үмүт булагы" фондунун байрагы астында элдерди бекер ташыганга эле үлгүрбөстөн, фирмага жазылган айып пулдарды төлөбөй жүрө берүүгө дарамети жетет экен.

Фирманын айрым автобустарынын "Коопсуз шаар" программасы чыгарган көптөгөн айып пулдары бар, алардын жалпы суммасы 100 миң сомдон ашат. Бирок бир да айып пулду төгө элек.

Фирманын өкүлү Нургазы Балтабаев жол эрежелерин бузуу көбүн эсе Ош базары жакта болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, мыйзам бузуулар анчейин маанилүү эмес болчу, андан тышкары автобустун габариттери айдоочуга светофордун белгилерине өз убагында реакция кылууга мүмкүнчүлүк берген жок. Фирма айып пулдардын өлчөмүн кайрадан карап чыгуу боюнча кайгуул кызматына кат жөнөткөн.

Компаниянын ээлери

"Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясын Оргалча Токтобүбү жетектейт, ал Кытайдын жараны болчу. Кыргыз тилдүү ЖМКларда аны Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Адыл менен байланыштырышат. Ал дагы Кытайда туулуп өскөн. Бирок Оргалча Токтобүбү менен Жунус уулу Адылдын туугандык байланышын ушактардан башка тастыктоочу эч кандай факт тапкан жокпуз. "Шыдыр Жол" фирмасынын өкүлү Нургазы Балтабаев Оргалча Токтобүбү анын жубайы экендигин айтып, Жунус уулу Адыл менен туугандык байланыштары жок экенин билдирди. Анын айтымында, мындай ушак айың, анын жубайы да, Жогорку Кеңештин депутаты да Кытай Эл Республикасынан болгондуктан келип чыккан.

Белгилей кетчү жагдай, 6-январда президенттикке талапкер жана "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев Садыр Жапаров Жунус уулу Адылды досу деп атаганын жана экөө биргеликте Бишкек шаарында Ибраимов көчөсү 100 дареги боюнча көп кабатту үй курганын айткан. Кадастр кызматы бул объект 2019-жылдан бери Жунус уулу Адылдын келинчеги Туран Турсун кызына катталган деген маалыматты берди. Учурда Ибраимов көчөсү 100 дареги боюнча биринчи айымдын "Үмүт булагы" фондунун кеңсеси жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1979