АУЦАнын президенти Эндрю Качинс отставкага берип, өлкөдөн кетип жатат
RU

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс отставкага берип, өлкөдөн кетип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс отставкага берип, Кыргызстандан кетип жатат. Бул тууралуу анын студенттерге жазган коштошуу катынан белгилүү болду.

Качинс өзүнүн катында бул чечим ал үчүн да, Лилия үчүн да оор болгонун жазды.

"Пандемиянын акыркы 15 айы үй-бүлөбүздүн жана досторубуздун жанында болушубуз керектигин дагы бир ирет айгинеледи. Эжемдин да эрте өтүп кетиши бул оюмду бекемдеди. Андан тышкары, учурдагы күтүүсүз жана юридикалык жактан татаал абалым, мындай чечимди кабыл алуумду жеңилдеткен жок, бирок зарылчылык жаратты. АУЦАга байланышкан кыялдарым, пландарым көп болчу. Тилекке каршы, аларды ишке ашыра албай калдым. Жаңы лидер менен биздин университет дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишет деген ойдомун", - Эндрю Качинс жазган.

Эске салсак, 23-апрелде ИИМдин тергөө кызматы Эндрю Качинсти суракка чакырткан. Качинс баңгизатын, психотроптук веществолорду жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси менен шектелген. Андан кийин сыртка чыкпоо тил катына кол коюп, кое берилген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1983