Протоколду билбегендикпи? Жолугушуу учурунда Эрдоган эки ирет Жапаровдун жаңылганын оңдоду
RU

Протоколду билбегендикпи? Жолугушуу учурунда Эрдоган эки ирет Жапаровдун жаңылганын оңдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-июнда, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга барган. Анкарадагы президенттик сарайда Садыр Жапаровду кабыл алуу аземи болуп, анда Кыргызстандын президенти эки жолу протоколду бузду.

Биринчи жаңылыштык Жапаров менен Эрдоган жолдон басып келип, ардактуу кароол менен учурашып жатканда болду. Бир учурда президенттер токтоп - Эрдоган күзөт башына (президенттердин артында турган), ал эми Жапаров түрк өкмөт мүчөлөрүнө бурулат. Түрк лидери аны оңдоп, кайда кайрылыш керектигин көрсөтөт.

Экинчи жаңылыштык биринчиден кийин дароо эле болот: кароол башчысынын кайрылуусунан кийин Жапаров бурулуп, президенттик сарайды көздөй басат, Эрдоган аны токтотуп, түрк өкмөт мүчөлөрүн көздөй бурат.

Көпчүлүк кыргызстандыктар Садыр Жапаров жолугушуунун протоколу жөнүндө билген эмес деп эсептешкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары ушул учурду кесип салышкан. Бул окуя президенттин Түркияга болгон расмий иш сапары тууралуу маалыматтарда жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1996