Жапаров менен Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган сүрөт көргөзмөсүн ачышты
RU

Жапаров менен Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган сүрөт көргөзмөсүн ачышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 9-июнда, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.

Бул сүрөт көргөзмөсү Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1997