Камчыбек Ташиев: Матраимов ким менен уурдаган болсо, баардыгынын аттарын атады
RU

Камчыбек Ташиев: Матраимов ким менен уурдаган болсо, баардыгынын аттарын атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Райымбек Матраимов ким менен уурдаган болсо, баардыгынын фамилияларын атады". Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өтүп жаткан басма-сөз жыйыны учурунда Улуттук Коопсуздуктун Мамлекеттик Комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айтып берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, КРдин Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов тергөөчүлөр менен кызматташып, ким менен коррупциялык схемаларды ишке ашырганын айтып берип, фамилияларды атады.

Ташиевдин айтымында, ал Матраимовго карата тергөө ишинин бардык деталдарын айтып бере албайт. Бир эпизодду гана ачыктайт: Матраимовдор ар бир жүк ташуучу унаадан $500дөн $3 миңге чейин пул алганы анык.

"Матраимов менен бирге кылмыш иши боюнча дагы 40тан ашык киши өтүүдө, алардын ичинде республикалык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары. Алар мамлеккетке 53 млн сом төлөп беришти", - деди Ташиев.

Бажы кызматкерлерине карата тергөө ишин уланууда, жана айрымдар текшерүү жүргөндөн кийин тизмеден чийилди, - деп Ташиев баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/199