Ысык-Көлдө Казакстандын жараны чөгүп кетти
RU

Ысык-Көлдө Казакстандын жараны чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Казакстандын жараны чөгүп кетти. Мындай маалыматты КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Казакстандык мырза Балыкчы шаарындагы "Алия" санаторийине келген. Анын чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге кечээ, саат 19:30да келип түшкөн. Каза болгондун сөөгүн издөөгө үч куткаруучу киришип, 20:35те табышкан. Алматылык киши 1968-жылы туулган А.Т.К. экени маалым болду.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2001