Ташиев: Жалил Атамбаевдин уулунун тою - бул кыргызстандыктардын бетине түкүргөндүк
RU

Ташиев: Жалил Атамбаевдин уулунун тою - бул кыргызстандыктардын бетине түкүргөндүк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан басма-сөз жыйыны учурунда, Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөп жатып, Жалил Атамбаевдин уулунун Ошто өткөн үлпөт тою - бул кыргызстандыктардын бетине түкүргөндүк, - деди.

Анын айтымында, өлкө жана жарандарыбыз башынан оор күндөрду кечирип жатканда Жали Атамбаев УКМКда иштеген уулунунтоюн өткөрүп, ага миңдеген кишилерди чакырган.

"Менин пикирим боюнча Жалил Атамбаев элибиздин бетине түкүрбгөндөй эле болду. Ошончолук эле бай болсо, муктаждарга акча таратпайт беле", - деди Ташиев.

Жалил Атмбаевдин уулуна катуу эскертүү берилди, жакынкы аралыкта ал жумушунан көтөрүло албайт, буга анын атасы күнөөлүү, - деп кошумчалады УКМКнын төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/200