Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов камакка алынды
RU

Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы системасындагы коррупция иштерине байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча КР ЭФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматов Н.П. аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Такталгандай, Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын "жалган транзити" ж.б. уюштуруп, олуттуу көмүскө киреше алып турган.

Н.Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алып, болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык

батирлер, 1 млн. АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттар мыйзамдаштырылган.

Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү "К.С.И." жана "Р.К." курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н.П.Айтмаматовго таандык болгон.

2021-жылдын 10-июнунда Айтмаматов Н.П. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2021